Балбан кыздарды аэропорттон салтанаттуу тосуп алды. Үчөө тең алтын медаль менен келишти
«Манас» эл аралык аэропортунда Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын сыймыктуу кыздарын салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду салтанаттуу тосуп алуу аземи болду.
Кыздарды жеңиши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги куттуктады.
Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда.
Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышат. Бүгүнкү күндө биздин курама команданын куржунунда 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло.
Оюндар 18-августка чейин уланат.
Добавить комментарий ×