"Алтын кен" компаниясы: "Адамзат бардыгынан бийик турат"

11 декабрь 2018 13:55 1427 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кемин районундагы Талды-Булак кен иштетүүчү "Алтын кен" кыргыз-кытай компаниясы  "Адамзат бардыгынан бийик турат"-деген стратегиялардын негизинде иш алып алып барат. "Алтын кен" ААКу ишкананын өнүгүүсүндө адамдын ролу маанилүү деп эсептейт. Андыктан ишкердүүлүктү жүргүзүүдө биринчи кезекте компания кызматкерлеринин социалдык абалдарына, ишканадагы шарттарды түзүп берүүгө, бардык мумкүнчүлүктөрдү карап берүүгө даяр.

Компаниянын бөлүм жетекчисинин орун басары Аманат Ибраимовдун айтымында, Орловка айылына жакын жерде жайгашкан алтын кен ишканасында 977дей адам эмгектенет. алардын баары уч маал ысык тамак менен камсыздалган. Андан сырткары, смен менен иштегендерге түнкү тамак берүү дагы каралган. 

Barometr.kg сайтынын кабарчысына кызматчылар тамактанган ашкананы көрсөтүштү. Анда, биринчи, экинчи тамак жана компот, керектүү жашылча-жемиштердин баары камтылган. Тамактан кийин кызматкерлер бир аз эс алып алууга дагы убакыт каралган.

Ишканага тиешелүү эки имарат каралган. Бирөөсү Талды-Булакта, экинчиси Чым-Булакта жайгашкан. Экөөндө тең кызматкерлер жашашат. Ал эми кароолчулар 15 күн иштеп, 15 күн үйлөрүндө эс алышат. Бир бөлмөдө 4-6 кишиге чейин жашоого ылайыктуу кылып каралган. Бардык шарты, жуунчу суу, ажаткана, сыналгы жана керектүү буюмдардын баары берилген.

Андан сырткары кызматкерлер кааласа өздөрү кийимдерин жууп алышат, каалабаса кир жууп, үтүктөп, тазалап турган кызмат бар. Кийимдерин берип койсо, даярдап эртең менен таптаза кылып алып келип беришет. 

Баса, кызматкерлерге жайкы жана кышкы атайын бут кийимдерди компаниянын эсебинен сатып алып беришет. Аларга үйлөрүнөн алып кеткенге дагы транспорт каражаты каралган. Мисалы, Кызыл-Октябрь, Чым-Коргон, Самансур жана Кеминден келген кызматкерлерди атайын автобус ташыйт.

25ке жакын кызматкерлер Бишкекте жашагандыктан, жума күнү кечинде алып кетип, дуйшөмбү күнү эртең менен жумушка алып келишет. Андан сырткары мейманканалар дагы каалоочулар үчүн иштейт. 

"Алтын кен" компаниясы Кеминдеги бирден-бир көрүнүктүү компаниялардын бири болуп эсептелет. Кызматкерлерге убактысында айылк маянасын бергендиги үчүн Кеминдиктердин көпчүлүгү жумуш менен камсыз болгон. Жаштарга убагында 2500 сом стипендия берип окутуп, үйрөтүп, андан кийин жумушка алып калышкан. 

Жетекчилик кызматкерлерге ылайыктуу шарт түзүп берүү менен компаниянын ишмердүүлүгүн дагы да арттырууга аракеттерди кылып келет. 


Ссылка: https://barometr.kg/altyn-ken-kompaniyasy-adamzat-bardygynan-bijik-turat



Добавить комментарий