Алты кишини өлтүргөн участкалык милиция соттолду
Россиянын Санкт-Петербург соту жарандарды сериялык түрдө өлтүргөн мурдагы милиция кызматкерин өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. Бул тууралуу «Лента.ру» сайты Россиянын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгына шилтеме кылуу менен кабарлады.
Петербругдун 39-бөлүмүнүн улук участкалык тескөөчүсү 2011-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта кылмыштуу топ тузүп алып квартиралардын ээлеш үчүн алты адамды өлтүргөн. Эки кишини өз колу менен жайласа, калган төрт адамды өлтүрүүнү уюштурган. 2015-жылы Крохин жана анын кылмыштуу тобунун үч мүчөсү колго түшкөн.
Сот процессинин маалында Крохин дагы үч адамды өлтүргөнүн моюндады.
Ссылка: https://barometr.kg/alty-kishini-ltrgn-uchastkalyk-miliciya-sottoldu
Добавить комментарий ×