Алтайда Кыргызстандын эки жараны арты менен чек арадан өткөндө кармалды

11 июль 2019 15:10 5555 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алтай крайында Кыргызстандын эки жараны Россияга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу «Тайга.Инфо» басылмасы кабарлады.

Алар чек арачыларды адаштырыш үчүн арты менен басып келишкен.

Адегенде Казакстандын чек арачылары Россиядагы кесиптештерине чек араны бузуучулар бар экени тууралуу маалымат беришкен. “Ушундан эки саат өткөндөн кийин чек арачылар эки адамды кармашкан”,-деп жазат басылма.

Кыргызстандыктар чек арачыларды алдаш үчүн арты менен басып келишкенин кошумчалашты. Учурда эки кыргызстандыкка карата чек араны мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/altajda-kyrgyzstandyn-eki-zharany-arty-menen-chek-aradan-tknd-karmaldy



Добавить комментарий