Алматыда бир жашар эгиз балдарын өлтүргөн ата-энелер. Алардын абактагы жашоосу

1 октябрь 2020 15:32 6110 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Туура үч жыл мурун Алматыда коркунучтуу адам өлүмү катталган. Ижарага алынган батирлердин бириндеги муздаткычтан бир жаштагы эки эгиз баланын сөөгү табылган. Өз балдарын өлтүргөн ата-эненинин абактагы жүрүм-туруму тууралуу Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу тутумунун комитети айтып берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz. агенттиги жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Расмий сурамжылоого жооп катары, өлтүрүлгөн эгиздердин атасы, Өзбекстандын жараны Эмил Гилмутдинов Костанай облусундагы Жаза аткаруу тутумунун (ИИБ) УК-161/12 мекемесинде жазасын өтөп жаткандыгы маалымдалды.

Ошондой эле, Гилмутдиновго апасы жана уулу Равил Волченко келгени белгилүү болду. Жалпысынан соттолгон адам менен төрт жолу жолугушуу болгон.

Комитет Гилмутдиновду Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Казакстандан мекенине которуу боюнча кайрылууларды жөнөткөнүн белгилеген.

"Бирок, ага соттолгон өзбек жаранын өз өлкөсүнө экстрадициялоого эки өлкө ортосунда эл аралык келишимдин жоктугунан улам, аны четке кагышты", - деп кошумчалады департамент.

Өлтүрүлгөн балдардын энеси Алла Волченко жазасын Алматы облусундагы Жазаларды аткаруу кызматынын департаментинин ЛА-155/4 мекемесинде өтөп жатат. Анын жүрүм-туруму позитивдүү мүнөздөлөт.

"Ал белгиленген тартипке жана жазаны өтөө шарттарына оң көз карашта, камакта кармоо режимин бузбайт, ички тартип эрежелерин сактайт", - деп билдиришти комитеттен.

Аял билим берүүчү иш-чараларга катышып, өзүн тарбиялап жатат. Ошондой эле коомдук жана укук таануу сабактарына барат. Камакка алынганга чейин Волченко иштеген эмес. Мекемеге келгенден кийин, ал тазалоочу болуп ишке орношкон. Иштеген учурунда ал өзүн эмгекчил, тартиптүү жана жоопкерчиликтүү жумушчу катары көрсөттү", - деп кошумчалашты.

Белгиленгендей, аял туугандары менен кыска, узак жолугушуулар жана телефон аркылуу баарлашуу аркылуу да байланышып турат. Ал абактан бала төрөгөн эмес.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында Алматы шаарынын Түрксиб районундагы ижарага алынган батирлердин биринде адам өлтүрүү болгон. Кийин белгилүү болгондой, балдардын сөөгү муздаткычта турган баштыктан табылган. Ошол эле күнү, кечинде, алардын энеси Алла Волченкого издөө жарыяланган. Аял жана анын шериги мас абалында кармалган.

Сотто Гилмутдинов ошол күндүн чоо-жайын айтып берген. Айыптоо корутундусунда прокурор жубайлар жеке үйдү ижарага алышканын, ал жерде эркек киши эки баланы тең муунтуп өлтүргөнүн айткан. Андан кийин балдарды ошол үйдүн жер төлөөсүнө салып коюп, арак ичүүнү улантышкан. Андан кийин жубайлар балдарды пакетке салып, муздаткычка салып койгон бойдон табылган.

2017-жылдын декабрь айында сот Эмил Гилмутдиновду 20 жылга эркинен ажыртакан.

 Ал эми, Алла Волченкону 18 жылга эркинен ажыраткан.

Ошондой эле, экөөнө тең алкоголизмден милдеттүү түрдө дарылоо дайындалган.

Жубайлардын улуу баласы бар. Ал  2015-жылы туулган.

Ссылка: https://barometr.kg/almatyda-bir-zhashar-egiz-baldaryn-ltrgn-ata-eneler-alardyn-abaktagy-zhashoosu



Добавить комментарий