Алматада эки адам коронавирустун “дельта” штаммын жугузуп алды
Бөлүшүү:
Казакстандын Алмата шаарында эки адам коронавирустун Индиядан тараган штаммын жугузуп алды. Бул тууралуу zakon.kz кабарлады.
Кечээ, коронавирустун «дельта-штаммын» Алмата шаарында жашаган аял жугузуп алганы белгилүү болду. Бүгүн, 24-июнда брифингде аталган калаанын коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысынын орун басары Лауры Мырзагали бул тууралуу маалымат берди.
“Бизде азыр эки адам аныкталды. Алар жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда”, - деп айтты орун басар.
Белгилей кетсек, Индияда мутацияланган коронавирустун бул түрү тез жайылгандыгы менен өзгөчөлөнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/almatada-eki-adam-koronavirustun-delta-shtammyn-zhuguzup-aldy
Добавить комментарий ×