Алдыдагы шайлоодо Самара Каримова “Биримдик” партиясы менен бирге болорун билдирди

22 август 2020 11:53 5672 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова шайлоо алдында өзү тууралуу жүрүп жаткан ушактарга чекит коюу максатында кайрылуу жасады. Бул тууралуу ырчынын соц тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Каримова шайлоодо кандидат болуп катталбагандыгын билдирди. Бирок, "Биримдик" партиясы менен бирге экендигин айтты.

"Шайлоого жакын мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалган пиар болуп жатат. Көнгөн айрым адамдардын аракети менен адаттагыдай ар түркүн кеп, узун ушак сөздөр жүрүп жатат. Бир канча партияларга барып аракет кылып жүрөт деген маалыматтарды таратып жатышат". 

“Мен бул боюнча сиздерге кайрылып, расмий билдирүү жасоону туура көрдүм. Өзүңүздөр билгендей, мен пандемия алдында Ош шаардык жергиликтүү кеңешине «Биримдик» партиясынын атынан кандидатурамды койгом. “Дарак - бир жерден көгөрөт”.  Бүт дүйнөгө тараган кара тумоо биздин өлкөгө да келип, өзгөчө абал киргизилип, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо иштери токтотулгандан кийин, мен үй-бүлөм жана чыгармачылык иштерим менен гана алекмин. Эч бир партияга барып, суранып, Жогорку Кеңешке аттанам деген жерим жок, бул негизсиз ушак. Мен өз таандоомду жасагам, мен “Биримдик” партиясы менен биргемин бирок бул шайлоодо эч бир партия менен Жогорку Кеңешке баруу ниетим жок экен расмий билдирем. Буйруса келечек алдыда, Кыргызстан үчүн кызмат кылуучу күндөр алдыда. Ал эми бул шайлоодо өлкө үчүн чын дилден күйгөн мыкты партиялар тандалышына тилектешмин.

Баардык кандидаттарга ийгилик!

Биримдикте ынтымактуу жашайлы!”, - деп жазат ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/aldydagy-shajloodo-samara-karimova-birimdik-partiyasy-menen-birge-bolorun-bildirdi



Добавить комментарий