Ала–Тоо аянтында жаштар ала качууга каршы флешмоб өткөрүшөт

5 июнь 2018 22:25 2027 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Биз, жаштар кыз, ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!" аталышындагы флешмобко Бишкектеги окуу жайларында билим алып жаткан беш миңдей студент катышат.

Массалык флешмоб эртең, 6-июнда саат 10:00до өтөөрү пландаштырылган. Мындай аракет аркылуу студенттер ала-качуу көйгөйүнө калктын көңүлүн бурууну максат кылып жатышат. Флешмобдун уюштуруучулары, аталган көйгөйгө бейкапар карабаган бардык жарандарды келип, катышууга чакырышууда.

Уюштуручу - "Enactus Кыргызстан" кыймылы Билим берүү жана илим министрлиги менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт министрлигин колдоосунда түзүлгөн. Билдирүүлөргө караганда бул флешмоб кийин өлкөнүн башка аймактарында дагы өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/alatoo-ayantynda-zhashtar-ala-kachuuga-karshy-fleshmob-tkrsht



Добавить комментарий