"Алатай" паркындагы фото капканга ак илбирстин сүрөтү түшүп калган
"Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркына коюлган фото капкандарга илбирстин сүрөтү тартылып калды. Бул тууралуу парктын егери Нуржигит Мамбеталиев социалдык барачасына маалымдады.
Анын айтымында, “Алатай” паркына коюлган фотокапкандарга ак илбирстин сүрөтү түшүп калды.
“Быйыл июль айында жаратылыш паркында "Илбирс" фондунун кызматкерлери 30 фото капканды коюшкан. Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 миңден өйдө коюлган.Бул биздин паркта ак илбирстер бар экенин далилдеп берди”,-деп жазды Мамбеталиев.
Эскерте кетсек, “Алатай” паркы - мамлекет тарабынан корголгон аймак, анда сейрек кездешкен жаныбарлар байырлайт. Мындан тышкары паркта уникалдуу эндемикалык флора менен фауна сакталып калган.
Буга чейин егерь, алар аталган паркта аюну кантип коркутушканы тууралуу маалымдаган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/alataj-parkyndagy-foto-kapkanga-ak-ilbirstin-srt-tshp-kalgan
Добавить комментарий ×