Аламүдүн суусунан 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Октябрь районунда 20-апрель күнү 12-кичи районундагы Аламүдүн суусунда азиат тектүү 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, сөөктү суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Добавить комментарий ×