Аламүдүн районундагы Ленинский айылында бир жумадан бери ичүүчү суу берилбей жатат

7 август 2018 23:35 1133 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекке катарлаш жайгашкан Аламүдүн районундагы Ленинский айылында бир жумадан бери ичүүчү суу берилбей жатат. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар Barometr.kgге билдиришти.

Маалыматка ылайык, айылга жумулап ичүүчү суу берилбеген маселе быйыл жаралган. Өткөн жылдары эки күндө бир суу берилип турган. Эми сууга муктаж болгон жарандар, короосуна суу тарттыруучу насос орноткон коңшулардын каалгасын каккылап, суу суроого мажбур болууда. Айыл тургундары жергиликтүү бийликтин бул маселени жолго коюшунан үмүт артып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonundagy-leninskij-ajylynda-bir-zhumadan-beri-ichch-suu-berilbej-zhatat



Добавить комментарий