Алакандарын сөөл каптап кеткен адам эки колун кесип салууну суранууда

27 июнь 2019 09:28 2154 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сейрек кездеше турган оору менен жабыркаган Бангладештин тургуну дарыгерлерден эки колун кесип салууну өтүндү. Бул тууралуу xinhuanet.com кабарлады.

Эркек киши верруциформалуу эпидермодисплазия деген сейрек кездешүүчү дарт менен жабыркайт жана ага “адам-дарак” деген дагы ысым беришкен. Анын колуна чоң-чоң сөөлдөр өсүп чыга берет.

Бажандар өзүн дарылыш үчүн канча азаптан өткөн. Ал 2016-жылдан тартып 25 ирет операция болгон. Бирок сөөлдөр кайра-кайра пайда боло берет, мындан улам бейтап тынч дагы уктай албайт.

Дарыгерлердин консилиумга чогулуп эркектин бул өтүнүчүн карап чыгууга кеңешмек болушууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/alakandaryn-sl-kaptap-ketken-adam-eki-kolun-kesip-saluunu-suranuuda



Добавить комментарий