Алайкууда 1 метр кар жаады
Ош облусунун Кара-Кулжа районунунда 14-январга караган түнү жааган калың кардын кесепетинен, Алайкуу өрөөнүндө калың кар жаады. Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калындыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80-сантиметр жааган. Бул тууралуу КР ӨКМ Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Мындан улам, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу, 42-чакырымдан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейин (Кыргый чеги) жол каттамы убактылуу жабылды. Аны ачуу үчүн № 26 Жол тейлөө ишканасынын 6 техникасы иштеп жатат.
(42-чакырымда 1 даана автопогрузчик, 1 даана автогрейдер, 60-чакырымда Сары-Бээ айылында 1 даана бульдозер ДТ-75, 72-чакырымда Кара-Таш айылында 1 даана бульдозер ТY-230, 87-чакырымда Көндүк-Чаты чеги 1 даана автопогрузчик, 92-чакырымында Ой-Тал айылында 1 даана бульдозер ТY-230).
Жолдун оор болгонуна байланыштуу аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө да киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүүчү кооптуу участкалар Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экени эскертет.
ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгү тарабынан райондун борбордук автобекетинде тоолуу аймактарга каттаган такси айдоочуларына, туруксуз аба-ырайына байланыштуу, кырсыктардын тобокелдүүлүгү айтылып, атайын баракчалар таратылды.
Ссылка: https://barometr.kg/alajkuuda-1-metr-kar-zhaady
Добавить комментарий ×