Алайдагы кар жааган аймактар тыкыр көзөмөлгө алынды
Алайдагы кар жааган аймактарда аткарылган жумуштар боюнча саат сайын маалымат берилип турат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматына таянып «Барометр» билдирет.
2020-жылдын 27-июндан 28-июнга оогон түнү Алай районунун Сары-Таш, Сары-Могол, Үч-Төбө жана Талды- Суу айыл аймактарында жамгыр карга айланып 10-20 см калыңдыкта кар жаап, жайлоолордогу жарандарга кыйынчылыктарды алып келген. Түзүлгөн кырдаалды КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жеке көзөмөлүнө алып, чукул жыйын өткөрүп, тиешелүү жетекчилерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырган.
Ошондой эле аткарылган жумуштар боюнча саат сайын маалымат берип турууну милдеттендирген.
Түзүлгөн ыкчам топ Сары-Таш айыл аймагына барып жайлоолордогу жарандардан кабар алып келишти.
"Алай районунун Талдык ашуусунун күнгөй тарабындагы Муртаз жана Катмарт аттуу жайлоолордо күн саат 16:00 дө ачылгандыгына байланыштуу кар толук эриген эмес. Аталган жайлоодо Кара-Суу районунун тургундары жана Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын тургундары жайгашкан.
2020-жылдын 28-июнунда түштөн кийин күн тийип, карлар ээрий баштап, малдар жайытка чыккан.
Эгерде аба ырайы өзгөрүп, дагы кар жааса, мал жандыктарына тоют жеткирүү маселеси жаралат.
Азыркы учурда Сары-Таш, Сары-Могол, Үч-Төбө жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын билдирүүлөрүнүн негизинде аймакта абал тынч, жарандар тарабынан кайрылуулар катталган жок"- деп билдирди КР ӨКМ Алай райондук бөлүмүнүн башчысы капитан А.Тагайбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/alajdagy-kar-zhaagan-ajmaktar-tykyr-kzmlg-alyndy
Добавить комментарий ×