Аянттагы массалык мушташ кыздардын айынан келип чыккан. Эки балага бычак урулуп, бирөө каза болду

26 февраль 2019 12:05 1567 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы чыккан массалык мушташ кыздардын айынан чыккандыгы айтылды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына шаардык милициядан билдиришти. 

Алардын берген маалыматы боюнча, 23-февралда ижарага алынган батирлердин биринде кыздар менен жигиттердин отурушу болгон. Анда бирөөсүнүн туулган күнү болуп, белгилеп жатышкан. Ортолорунда чыр чыгып, кыздар өз тааныштарын чакырышкан. Жардамга келген балдар менен туулган күн майрамдап жаткан жигиттердин ортосунда мушташ чыгып, экөө бычак жеген. Сегиз бала болгондуктан, сырттан келгендер дагы сегиздин тегеринде болуп мушташып кетишкен. Саат түнкү 1.30 менен 2.00дүн ортосунда балдар Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине жеткенде артынан куугунчулар жетип келген. Аларга аянттагы көңүл ачуучу жайдан чыккан дагы 20дай бала кошулуп кеткен. Мушташ учурунда эки балага бычак урулган. Каза болгон баланын досторунун айтымында, кол салган тараптагы үч жигит бычак көтөрүп жүргөн.

Эске салсак, 24-февралда саат  түнкү 1.57де Биринчи Май райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө "Ала-Тоо" аянтындагы массалык мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ чыгып кеткен, бирок жерине келгенде эч кимди тапкан эмес. Бир нече убакыттан кийин шаардык ооруканалардын биринен бычак жеген 19 жаштагы эки жигит түштү деген кабар келген. Бирөө операция маалында каза болуп калган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин үчүнчү бөлүгү ("Ден соолукка оор залака келтирүү") беренеси менен иш козголуп, кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Милиция бычак урган деп 23 жаштагы Т.А. аттуу адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда тергөө тобу мушташтын башка тиешеси барларын иликтеп жатат. 



Ссылка: https://barometr.kg/ala-too-ayantynda-chykkan-massalyk-mushtashtyn-sebebi-ajtyldy



Добавить комментарий