Ала-Букада алтын-кен ишканасына таандык имараттан өрт чыкты
Ала-Букада алтын-кен ишканасынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматына тянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 19-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы алтын-кен ишканасына таандык имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:22де Чаткал райондук №79 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 1 бөлүм, кошумча саат 10:35те Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет.
Өрт Ыштамберди алтын кениндеги ишканада чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/ala-bukada-altyn-ken-ishkanasyna-taandyk-imarattan-rt-chykty
Добавить комментарий ×