Ала-Буга суусуна түшүп кеткен 28 жаштагы жигитти куткаруучулар үч айдан бери издеп жатышат

17 март 2021 10:30 1700 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын облусунда үч ай мурда сууга түшүп кеткен 28 жаштагы жигитти издөө иштери улантылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Ак-Талаа районунун Жеңиш айылында 1993-жылы туулган жигит 2020-жылдын 27-декабрь күнү Ала-Буга суусуна түшүп кеткен.

“Издөө иштери 2021-жылдын 6-январына чейин жүргүзүлүп токтотулган, себеби дарыянын жээктери муз болгондуктан издөө иштерин жүргүзүү мүмкүн болгон эмес.

16-март күнү издөө иштерин улантуу максатында  КР ӨКМнин №47 өрткө каршы куткаруу бөлүнүн куткаруучу тартылды.

17-март күнү издөө улантылат”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ala-buga-suusuna-tshp-ketken-28-zhashtagy-balany-kutkaruuchular-ch-ajdan-beri-izdep-zhatyshat



Добавить комментарий