Ала-Буга суусуна түшүп кеткен 28 жаштагы жигитти куткаруучулар үч айдан бери издеп жатышат
Поделиться в:
Нарын облусунда үч ай мурда сууга түшүп кеткен 28 жаштагы жигитти издөө иштери улантылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Ак-Талаа районунун Жеңиш айылында 1993-жылы туулган жигит 2020-жылдын 27-декабрь күнү Ала-Буга суусуна түшүп кеткен.
“Издөө иштери 2021-жылдын 6-январына чейин жүргүзүлүп токтотулган, себеби дарыянын жээктери муз болгондуктан издөө иштерин жүргүзүү мүмкүн болгон эмес.
16-март күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №47 өрткө каршы куткаруу бөлүнүн куткаруучу тартылды.
17-март күнү издөө улантылат”, - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×