«Ала-Арча» резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

26 ноябрь 2021 11:05 3575 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Жыйында парламенттик шайлоо маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо жана эпидемологиялык коопсуздук, өлкөдөгү экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелер каралат.

Мындан тышкары Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун концепциясы талкууланмакчы.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, Министрлер кабинетинин төрагасы-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы, мамлекеттик катчы, Ички иштер министри, Өзгөчө кырдаал министри жана башка расмий өкүлдөр катышып жатат.



Ссылка: https://barometr.kg/ala-archa-rezidenciyasynda-koopsuzduk-keeshinin-zhyjyny-td



Добавить комментарий