Акжол Махмудовдун атасы: Уулум кыргыз спортуна тарых жаратты

10 апрель 2023 09:25 772 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 9-апреле Казакстандын Астана шаарында өткөн Азия чемпиондугунда Акжол Махмудов 3 ирет чемпион болду. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Азия чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов кыргыз спортунун тарыхында биринчи болуп катары менен 3 жолу чемпион болду.

“Ассалам алейкум урматтуу достор! Орозолоруңуз кабыл болсун.

Сиздер менен кубанычтуу кабар менен болушкум келди.

Акжол уулум мамлекетибиздин тарыхында Олимпиадалык спорттун түрлөрү грек-рим күрөшү боюнча биринчи болуп үч жолу Азия чемпиону болду!

Акжол уулумду колдоп акелери Бексултан менен Сыймык уулдарым да чогу биргебиз,чемпионат боордош элибиз Казахстандын борбор калаасы Астана шаарында өтүп жатат.

Балдарым менин байлыгым жана сыймыгым,ата катары Кудайымдан тилек максатым үч уулум да мамлекетибиздин керегине жарап, дүйнө аренасында үчөөнү бирге көрсөм, мамлекетибиздин туусун желбиретип, гимнин ойнотушса”, -деп жазды Акжол Махмудовдун атасы.

Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-mahmudovdun-atasy-uulum-kyrgyz-sportuna-taryh-zharatty



Добавить комментарий