Акжол Махмудов жаракат алгандан кийин биринчи жолу эл аралык турнирге катышат

12 февраль 2020 14:59 732 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Грек-рим күрөшү боюнча күрөшчү Акжол Махмудов 1,5 жыл тыныгуудан кийин биринчи ирет эл аралык турнирге катышат. Ал быльыр тизесинен жаракат алып, Германияда операция жасалган. Андан бери Махмудар мелдештерге чыга элек болчу.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигининин кабарлашынча, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы олимпиада чемпиону Валентин Олейниктин жаркын элесине арналган эл аралык турнирге катышат.

Мелдеш 14-16-февраль күндөрү Россиянын Новокузнецк шаарында өтөт.

Бул мелдеште Кыргызстандын намысын 10 балбан коргойт, алардын арасында Токио-2020 олимпиадасына лицензия уткан Атабек Азисбеков жана быйылкы өлкө чемпиону Калы Сулайманов менен Акжол Махмудов дагы бар.

Кыргызстандын курама командасынын курамы төмөнкүчө:

  • Дордоков Балбай (55 кг чейин)
  • Сулайманов Калы (63 кг чейин)
  • Тейишов Рустам (63 кг чейин)
  • Ибрагимов Халмурат (67 кг чейин)
  • Бакиров Эрбол (67 кг чейин)
  • Туголбаев Кайрат (77 кг чейин)
  • Махмудов Акжол (77 кг чейин)
  • Азисбеков Атабек (87 кг чейин)
  • Жусупбеков Узур (97 кг чейин)
  • Рамонов Мурат (130 кг чейин).

Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-mahmudov-zharakat-algandan-kijin-birinchi-zholu-el-aralyk-turnirge-katyshat



Добавить комментарий