Акжол Махмудов Кыргыз тарыхында алгачкы дүйнө чемпиону болду

12 сентябрь 2022 10:13 2744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алган эркектер арасындагы алгачкы кыргыз балбаны болуп тарыхка из калтырды.  Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, дүйнөнүн чемпиону аталды.   

Ага чейин, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасында 5 медаль - 3 күмүш жана 2 коло медаль  болгон.  

Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-mahmudov-kyrgyzstandyn-taryhynda-grek-rim-boyuncha-algachky-djn-chempionu-boldu



Добавить комментарий