Акыркы 9 ай аралыгында жол кырсыгынан 458 адам каза болгон

31 октябрь 2018 13:30 1645 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Акыркы 9 ай аралыгында 5 миң 118 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 458 адам каза болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын алдындагы ыкчам издөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын ага прокурору Максат Камбаралиев 31-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Ага прокурордун айтымында, жол кырсыктардын көпчүлүгү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында катталган.

"Жалпы 5 миң 118 жол кырсыгы катталса, андан 6 миң 299 адам жаракат алган. Ал эми каза болгондордун саны 458ге жеткен. Жашы жете электердин катышуусунда 977 жол кырсыгы катталып, 62 бала каза болгон.

Жол кырсыктарынын негизинде 265 кылмыш иши козголуп, 4 миң 710 факт боюнча иш козгоодон баш тартылган. 147 факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат",- деди Камбаралиев.


Ссылка: https://barometr.kg/akyrky-9-aj-aralygynda-zhol-kyrsygynan-458-adam-kaza-bolgon



Добавить комментарий