Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

21 январь 2022 13:02 844 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет. 

Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат. 

Акылбек Жапаров мындан тышкары Киров суу сактагычына  барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы

Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-zhaparov-talas-oblusunda-zhumushchu-sapary-menen-zhrt



Добавить комментарий