Акылбек Жапаров: Кыргызстанда көз карандысыз сот жок. Ал бардыгына көз каранды

14 май 2020 15:19 1706 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп келе жаткандан бери сот бийлигине таптакыр бийлик бериле электигин, ал өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана президенттин администрациясына көз каранды экенин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Ал парламент структураны, курамды бекитүү боюнча укугун, өкмөт бюджетти ал эми президенттин администрациясы кадр саясатын Жогорку сотко өткөрүп бергенде гана сот бийлиги эч кимге көз карандысыз болорун билдирди.

“Айлык боюнча өкмөткө көз каранды болсо, штат боюнча бизде жүрсө, кадр саясат президенттин администрациясында жүрөт. 30 жылдан бери көз карандысыз мамлекетти куруп жатканда сот бийлигине таптакыр бийлик бере элекпиз. Ошондуктан сунуш кылам 1-сентябрга чейин сот реформасы боюнча сунушту киргизиңиз. Өкмөт, Жогорку Кеңеш, презиженттин администрациясы өз укуктарын берсин. Жогорку сот ошондо бардыгына жооп берип калат”, — деди ал.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева депутаттын сунушун колдой турганын, керек болсо мындай мыйзамды сентябрды күтпөй эле май айында деле киргизип коё аларын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-zhaparov-kyrgyzstanda-kz-karandysyz-sot-zhok-al-bardygyna-kz-karandy



Добавить комментарий