Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСин беш мамлекет менен чогуу куруш керек

6 май 2020 13:05 2099 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акылбек Жапаров беш мамлекет менен чогуу — Казакстан, Өзбекстан, Россия, Кытай, Индия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу кризистен чыгуунун бир жолу экенин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

“Түз жерге суу сактагыч курганга болбой турганын Өзбекстандагы кырсык көрсөттү. Ошондуктан сиз (Акрам Мадумаровго кайрылып – авт.) вице-премьер-министр катары Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну кайра көтөрсөңүз. Казакстан дагы Дүйнөлүк банктын техникалык-экономикалык негиздемесинен кийин түз жерге суу сактагыч курбайбыз деп баш тартты. Демек, азыр Камбат-Ата-1 ГЭСин куруунун ыгы келип турат. Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Индия, Россия менен чогуу куруп коюуга ыңгай келип турат. Бул кризистен чыгуунун оң бир жолу. 3 миллиард долларга чейин акча кетип, 8 миңдей киши иштейт. Көзөмөлгө алсаңыздар”, — деп вице-премьер Акрам Мадумаровго кайрылды.

 Өз кезегинде Мадумаров чындыгында Кыргызстандан жаратылыш шарты суу сактагычтарды, дамбаларды курууга ылайыктуу экенин айтып, маселени сөзсүз түрдө карап чыга турганын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-zhaparov-kambar-ata-1-gesin-kurulushun-zhandantuu-krizisten-chyguunun-bir-zholu-ekenin-ajtty



Добавить комментарий