Актёр Тауекел Муслим эми ырдоону токтотуп түрк кинолоруна тартылаарын айтты
Кыздардын жүрөгүнө чок салган казак актёру, кыргыз киносунун ылдыздарынын бири Тауекел Муслим эми түрк тасмаларына тартылаарын кабарлады. Анын айтымында жакында Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Түркиянын ортосундагы эл аралык проект.
Анда "Барон" кино тасмасынын уландысы тартылмакчы. Актёр бул тууралуу "Апамды издеп 2" тасмасынын премьерасында:
"Менин оюмча бул бекеринен эмес. Бир гана Казакстан менен гана чектелип калуу туура эмес. Мен өзүмдү түрк кинолорунда сынап көрөйүн деп атам. Алар менде мүмкүнчүлүгүм бар экенин айтышты, болгону түрк тилин үйрөнүшүм керек. Алар мага жардам берүүгө даяр экенин айтышууда", -деген пикири менен бөлүштү.
Тауекел Муслим балким келечекте өзүм үчүн ырдап калышы мүмкүн экендигин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/aktyor-tauekel-muslim-emi-yrdoonu-toktotup-trk-kinoloruna-tartylaaryn-ajtty
Добавить комментарий ×