Актриса Кымбат Эрнисова көп убакыт тыныгуудан кийин жолдошунун колдоосу менен клипте роль жаратты

4 апрель 2019 14:45 6074 1 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Ырчы Данияр Эрматовдун “Сен деп жаңылбаймын” аттуу жаңы клиби чыкты. Бул тууралуу ал күйөрмандары менен соцтармактардыгы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Клипте клипмейкер Эрнис Сыдыковдун жубайы актриса Кымбат Эрнисова башкы  ролду жаратты. Маалым болгондой актриса турмуш жолуна аттангандан кийин кесибинен баш тарткан.

Жолдошу Эрнис Сыдыков Таиландга атайын алып барып жубайынын кыялын орундатканын айтып:

“Достор көптөн күткөн Данияр Эрматов досумдун клиби чыкты. Келинчегимдин кыялын орундатайын деп Таиланга алып барып жакын досумдун клибин тарттым. Данияр досум бизди колдоп макулдугуңду бергениңе рахмат. Буюрса келинчегимди дагы көптөгөн клиптерден көрө аласыздар”, -деген каалоосу менен бөлүштү.

Кымбат Эрнисова жаңы чыгармачылыка аралашкандан тарта эле эл оозуна алынып таланттуу актрисалардын катарына кошулган. Бирок актриса турмушка чыккандан кийин жолдошунун каалоосу менен кесибинен баш тарткан. Жубайлар учурда 3 уулга татыктуу тарбия берип чоңойтууда.

Актриса экрандарга чыкпай калса да дагы да болсо өзүнүн күйөрмандарын жоготпой келет.

Ссылка: https://barometr.kg/aktrisa-kymbat-ernisova-kp-ubakyt-tynyguudan-kijin-zholdoshunun-koldoosu-menen-klipte-rol-zharatty



Добавить комментарий