Аксылыктар алардын жери Өзбекстанга өтүп жатат деп нааразы болушууда

27 март 2019 15:58 1297 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад областынын Аксы районунун тургундары жана жергиликтүү активисттер чек арадагы жерлерди тактоо учурунда Кыргызстан Өзбекстанга жерди ашыкча берип жатат деп эсептешет. Алар мындай кайрылуусун президентке жана Жогорку Кеңешке жолдошту. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Маселе Аксы районундагы Дейрес-Өрүкзар учаскасына караштуу 130 гектар жерден улам келип чыкты. Аксы айлынын тургандарынын айтымында, чек ара такталгандан кийин 89 гектар жер Кыргызстанга, ал эми калган 54 гектар жер Өзбекстанга таандык болот деп сүйлөшүлгөн экен.

Активист Бакыт Узенбаев чек ара маселеси мындай жол менен чечилбеш керек деп эсептейт.

“Мунун үстүндө иштеген комиссия элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон эмес. Алар жерди торттой кылып бөлгөн. Ошондуктан эски карталарга кайрылып чек ара боюнча кайрадан макулдашуу керек. Биз колдонуп жүргөн 54 гектар жер башка өлкөгө эмнеге өтүшү керек?”,-деп билдирди активист.

Учурда Кыргызстандын Жалал-Абад областы менен Өзбекстандын чектешкен аймактарында 80 чакырымга жакын чек ара тилкеси тактала элек.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жалпы 1 378  чакырым чек ара тилкесинин 1 170 чакырымы гана такталган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/aksylyktar-alardyn-zheri-zbekstanga-tp-zhatat-dep-naarazy-bolushuuda



Добавить комментарий