Аксыда үч киши ууланып каза болду. Дагы төртөө ооруканада оор абалда жатат
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда үч адам ууланып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы тастыктаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, дагы төрт адам оор абалда ооруканада жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, үч адам ооруканага жетпей көз жумган.
Адам өмүрүн алган окуя, Жалал-Абад ОИИБ тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
“Азырынча каза болгон жана ооруканада абалдары оор деп бааланып жаткан адамдардын эмнеден ууланганын так айтуу кыйын. Ууланган адамдар чогуу бир жерде болушкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин толук маалымат берилет”, - деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.
Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-ch-kishi-uulanyp-kaza-boldu-dagy-trt-oorukanada-oor-abalda-zhatat
Добавить комментарий ×