Аксыда аты менен кошо сууга түшүп кеткен бала изделүүдө

25 май 2021 09:15 2573 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 24-май күнү Аксыда Терс айылынын тургуну аты менен кошо сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“24-майда Жаңы-Жол айыл аймагынын Терс айылынын тургуну 11 жаштагы Н.Э. Кара-Суу айыл аймагынын Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жатып, Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

Жерине 13:50 чамасында Аксы райондук ӨКБнүн 5 куткаруучу атайын куткаруучу унаасы менен тартылган. ИИМнин кызматкерлери учурда жарандын өздүгү тактоо издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-aty-menen-kosho-suuga-tshp-ketken-bala-izdeld



Добавить комментарий