Депутат Аксы районундагы айылдарга азык-түлүктөн жардам берди

21 апрель 2020 15:41 1259 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты, академик Кубанычбек Жумалиевдин демилгеси менен Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарынын, Ак-Жол, Жаңы-Жол, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кызыл-Туу, Авлетим, Жерге-Тал айыл аймактарынын жана Таш-Көмүр шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө кайрымдуулук иреетинде 1 млн. сомго 25 тонна ун, ошондой эле, Авлетим жана Жаңы-Жол айылына 50 миң сомго 2 миң даана беткап таратылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жардам алган элдин тобу парламентарийге ыраазычылык каттарын жолдошууда. 

Буга чейинн Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган бир катар депутаттар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөн жардам беришкен. 


Ссылка: https://barometr.kg/aksy-rajonunun-kalky-da-el-kldrnn-koldooloruna-yraazy



Добавить комментарий