"Мен азыр эл баатыры наамына татыктуу эмесмин". Ташиев Аксылыктардын сунушунан баш тартты

31 март 2021 16:07 1570 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 31-март күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Белгилей кетсек, Ташиев түштүк аймагына кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу эки тараптуу келишимдерди элге жеринде түшүндүрүү үчүн барган.

Жолугушуу учурунда, Аксы районунун эли Камчыбек Ташиевге Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам берүү боюнча кол топтоп жатканын айтышты.

"Мен азыр бул наамга татыктуу эмесмин. Азыр дагы көп иштешим керек", - деди Камчыбек Ташиев.

Эске сала кетсек, кыргыз-өзбек чек ара маселелери тууралуу эки өлкөнүн өкмөттөр аралык сүлөшүүсү 24-25-мартта Ташкент шаарында болгон. Өзбекстандан келери менен журналисттерге берген маалымат жыйынында Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилгенин кабарлаган.

Ссылка: https://barometr.kg/aksy-eli-tashievge-kyrgyz-respublikasynyn-baatyry-degen-naam-ber-boyuncha-kol-toptop-zhatat



Добавить комментарий