Дональд Трамптын 39 кабаттуу мейманканасы жардырылды (видео)

18 февраль 2021 11:40 5189 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Американын Нью-Джерси штатындагы Атлантик-Сити шаарында АКШнын мурунку президенти Дональд Трампка таандык болгон казино жана Trump Plaza мейманканасы талкаланды. Бул тууралуу Daily Mail гезитине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

1984-жылы ачылып, Атлантик-Ситидеги популярдуу туристтик жайга айланган 39 кабаттуу мекеме жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:00до талкаланып, имарат бузуу үчүн кулатуучулар атайын кыйратуучу жардыргычтарды колдонушкан.

Имараттын толук кулашына 20 секунд гана убакыт кетти.


Маалым болгондой, шаардын көптөгөн тургундары белгилүү имараттын бузулушун көрүү үчүн келишкен. Жакынкы “Цезарь” мейманканысы дагы жардырууну карап турууну каалагандар үчүн арзандатылган бааларды жана көрүүнү сунуш кылды.

Мейманкана жогорку деңгээлдеги бокс мушташтарынын жана концерттеринин аренасына айланып, Голливуддун блокбастерлери да тартылган жай. Арета Франклин, Мадонна жана Мик Джаггер сыяктуу жылдыздар бул жерде убакыт өткөрүшкөн.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп 2009-жылы шаардагы бардык кыймылсыз мүлктөрүн саткан. Ошондон бери мейманкана миллиардер Карл Икаханга таандык болуп келген. Бирок мейманкана мурунку аталышын өзгөртпөй, Трамптын атын колдонгону үчүн ага киреше төлөп турушкан.

Trump Plaza 2014-жылы авариялык абалда деп жабылып калган. Шаар бийлиги атактуу имаратты аукцион аркылуу сатууну көздөшкөн.  Бирок, имараттын ээси бул идеяны четке каккан.

Ссылка: https://barometr.kg/akshnyn-murdagy-prezidenti-donald-tramptyn-39-kabattuu-tramp-plaza-mejmankanasy-buzuldu-video



Добавить комментарий