АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанга реформаларды жүргүзүүгө жардам бере турган адис издеп жатат

5 ноябрь 2020 15:22 1315 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы элчилигине мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча иш алып бара турган улук кеңешчи издеп жатат. Бул тууралуу RT жазып чыккан маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Тандалып алынган адистин башкы милдети – кыргыз өкмөтүнө жардам берүү. Адис кыргыз өкмөтүнө укук коргоо ишмердүүлүгү жана сот адилеттүүлүгү тармактарындагы реформаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, уюштуруу, алдыга жылдыруу маселелери боюнча консультация берет. Ошондой эле, анын ишмердигине Кыргызстанга коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүү каралган.

Адистин келиши менен АКШнын жана Кыргызстандын бир катар бийлик органдарынын кызматташуусу жакшырып, эки өлкөнүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын, Юстиция министрлигинин жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери менен тыгыз иш алып барары күтүлүүдө.

Адис жогоруда айтылган  тармактын өкүлдөрү үчүн программалык жана техникалык документтерди, сметалык документтерди, отчетторду жана эскерүүлөрдү даярдоо жөнүндө тренингдерди өткөрүп, кеңеш берет.

Белгиленгендей, аталган кызматка бир гана америкалык жарандар талапкер катары каралат. Арыз ээси юридикалык жогорку билими, ошондой эле мамлекеттик кызматта тажырыйбасы бар, анын ичинде мурунку СССР өлкөлөрүндө иштеген тажрыйбасы болушу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/akshnyn-mamlekettik-departamenti-kyrgyzstanga-reformalardy-zhrgzg-zhardam-bere-turgan-adis-izdep-zhatat



Добавить комментарий