АКШдан 4 млн доллар уурдаган украиналык хакерлер изделүүдө
АКШ укриналык хакерлерди кармаганга жардам берүүгө көмөктөшкөндөргө 2 миллион долларлык сыйлык берет. Бул тууралуу АКШнын ММКларына таянып «Барометр» билдирет.
Америкалык баалуу кагаздар жана биржа боюнча комиссиясынын маалымат базасын талкалап кирип шылуундук кылган деп Украинанын эки жараны айыпталууда. Алар Артем Радченко жана Александр Еременко.
“Аты аталган хакерлер 4, 5 миллион доллар мыйзамсыз кирешеге ээ болушкан. Алар акциялары биржага коюлган компаниялардын инсайдер маалыматтарын уурдап турушкан. Ошондой эле, 1 жылдан ашуун каржылык маалыматтарды башка компанияларга сатышкан”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, украиналык хакерлерге 16 бөлүмдөн турган айып тагылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/akshdan-4-mln-dollar-uurdagan-ukrainalyk-hakerler-izdeld
Добавить комментарий ×