АКШдагы кинофестивалда "Жылдыздарга карай" аттуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлөт

11 апрель 2019 10:19 1028 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык кыска метраждуу даректүү тасма АКШнын Сан-Франциско штатындагы эл аралык кинофестивалга катышып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан Вarometr.kg сайтына билдиришти.

Аталган фестиваль 10-апрелде башталган. 23-апрелде аяктайт. Ал эми кыргызстандык тасма 14-апрелде көрсөтүлөт. Фестивалга жөнөтүлгөн "Жылдыздарга карай" аттуу тасманын режиссеру Айша Султанбекова. Ал эми, тасманын оператору Караш Жанышов.

Белгилей кетсек, бул фестивалдын жеңүүчүсү "Оскар" сыйлыгынын кыска метраждуу тасмалар сынагында ат салышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/akshdagy-kinofestivalda-zhyldyzdarga-karaj-attuu-kyska-metrazhduu-tasma-krstlt



Добавить комментарий