АКШдагы аукциондо дүйнөдөгү эң кымбат бут кийим сатылды
Рэпер Канье Уэсттин бут кийими 1,8 миллион долларга сатылып, буга чейинки рекордду жаңылады. Бул тууралуу аукционду өткөргөн Sothebyʼs компаниясынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Канье Уэсттин Nike бренди менен кызматташып тиктирген кроссовкасынын прототиби, 1,8 миллион долларга сатылып, дүйнөдөгү эң кымбат кроссовка болуп калды.
Бут кийим, тешилген деталдары бар жумшак кара булгаарыдан жасалган. Аны белгилүү рэпер 2008-жылы “Грэмми” сыйлыгына кийип келген. Nike бул бут кийимдин дизайны купуя сакталганын айтып, шоудан кийин крассовканы тез арада кайтарып берүү шарты менен берген. Бул дизайндагы крассовкалар 2009-жылдын апрелине чейин сатыкка чыккан эмес.
Бул бут кийимди 1,8 миллион долларга RARES инвестициялык платформасынын негиздөөчүсү сатып алынган. Компаниянын негиздөөчүсү Жером Сапп “Грэмми” сыйлыгына кийген бут кийимди сатып алуу, тарыхтын бир бөлүгүн сатып алуу менен барабар деп айткан.
Буга чейин, адистер рэпер Канье Уэсттин байлыгын 6,6 миллиард долларга баалашкан.Ошентип, ал АКШнын тарыхындагы эң бай кара терилүү адам аталып калган.
Ссылка: https://barometr.kg/akshdagy-aukciondo-djndg-e-kymbat-kijim-satyldy
Добавить комментарий ×