АКШда жүк ташуучу унаадан 46 мигранттын жансыз денеси табылды

28 июнь 2022 13:11 913 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын Техас штатында жүк ташуучу унаадан 46 мигранттын сөөгү  табылды. Бул тууралуу ABC телеканалы билдирген маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, жүк ташуучу унаа трассага чыгуучу тар жолдон табылган.

Жүк ташуучу унаанын ичиндеги 46 мигрант ысык аба ырайы учурунда суу жок жана ысык өтүп кетип каза болушканы кабарланууда. Ошондой  эле, дагы 16 жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен төртөө жаш балдар.  

Сан-Антонио өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, каза болгондордун сөөгү табылган унаада суу же кондиционер болгон эмес.   

Бийлик бул окуя боюнча иликтөө иштерин баштаганын кабарлады. Техас штатынын губернатору Грегг Эбботт окуя үчүн АКШ президенти Жо Байденди айыптады. Анын айтымында, миграция саясатына болгон жеңилдиктер ушундай өлүмгө алып келди.     

Акыркы убакта пандемиядан улам экономикалык каатчылыкка учураган жакыр өлкөлөрдөн жакшы жашоону көздөп, АКШнын штаттарын көздөй миграция агымы кайрадан максималдуу көрсөткүчкө жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-zhk-tashuuchu-unaadan-46-migranttyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий