АКШда абалы өтө оор бейтаптарды ооруканаларга алып келүүгө тыюу салынды

5 январь 2021 15:11 2599 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Лос-Анжелес округундагы (АКШ) тез жардам кызматынын дарыгерлерине абалы өтө оор деп бааланган бейтаптарды ооруканаларга алып келбөө, ошондой эле бейтаптарга кошумча кычкылтек берүүнү чектөө сунушталды. Бул акчаны үнөмдөө максатында жасалып жатканы айтылды. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой , ыкчам чара көрүү агенттиги тез жардам кызматына кычкылтекти үнөмдөөгө, ошондой эле, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар бейтаптарды гана кычкылтек менен камсыз кылышы керек деген буйрук чыгарган.

Буга чейин, агенттик аман калуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок бейтаптарды ооруканаларга алып келбөөгө буйрук берген. Тактап айтканда, жүрөгү токтоп калган, дем алуу, кыймылдоо белгилери жок адамдар жөнүндө сөз болуп жатат. Жалпысынан алганда, доктурлар бейтаптын жүрөгүнүн кайра согуп кетишине чейин жеринде реанимациялык аракеттерди улантышы керек.

Жалпы коронавирустук кырдаалга байланыштуу, ооруканалардан дарыгерлердин кароосунда кала турган бейтаптарды да тез-тезден чыгарып орун бошотууга аргасыз болуп жатышат. ММКлар белгилегендей, райондук ооруканаларда абал оор. Рождество майрамында коронавирусту жуктуруп алгандар үчүн ооруканага жаткыруу талап кылынгандыктан, бейтаптар менен болгон кырдаал жакынкы жумаларда дагы начарлайт деп болжолдонууда.

"Көптөгөн ооруканалар кризистик абалга жетип, оорулууларды кароого келгенде өтө катаал чечимдерди кабыл алууга аргасыз болуп жатышат", - деди Лос-Анджелес округунун саламаттыкты сактоо боюнча директору Кристина Гали.

Акыркы маалыматтарга ылайык, АКШда коронавирусту 20,9 миллион адам, анын ичинде бир күндө196 миң адам жугузуп алган.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-abaly-t-oor-bejtaptardy-oorukanalarga-alyp-kelg-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий