АКШда 70 жылда биринчи жолу аял киши өлүм жазасына тартылды

13 январь 2021 13:59 950 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШ бийлиги акыркы 70 жылда  биринчи жолу аял кишини өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу New York Times гезити жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет. 

Соттолгон Лиза Монтгомери 2004-жылы кош бойлуу аялды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылган.

Буга чейин, өкүм 8-декабрда Индиана штатында аткарылат деп пландаштырылган. Андан кийин соттун чечими менен өлүм жазасы 12-январга жылдырылган. 11-январда Индиана штатындагы сот Монтгомеринин өлүм жазасын анын психикалык саламаттыгына байланыштуу кийинкиге калтырган.  Бирок, АКШнын Жогорку Соту 12-январь күнү кечинде өлүм жазасын аткарууга уруксат берип, чечимди четке каккан.

Басылманын маалыматына караганда, Монтгомеринин өлүм жазасы Индианадагы Терре -Хаут түрмөсүндө өлүмгө алып келүүчү ийне сайуу жолу менен ишке ашырылган.

Монтгомеринин адвокаты Келли Генри АКШ бийлиги "психикалык оорудан" жабыркаган кардарын өлүм жазасына тартып, мыйзамды бузганын билдирди.

Июль айында АКШнын Жогорку Соту АКШнын федералдык түрмөлөрүндө акыркы 17 жылдагы биринчи өлүм жазасы ишке ашырылышы мүмкүн деп чечим чыгарган. Биринчи болуп  47 жаштагы Даниэль Льюис Ли өлүм жазасына тартылган, ал дагы Индианадагы Терре-Хаут федералдык түрмөсүндө болгон. Лиза Монтгомеринин өлүм жазасы катары менен он биринчиси болду.

Федералдык өлүм жазасын калыбына келтирүү Кошмо Штаттар үчүн символикалык мааниге ээ, анткени, өлүм жазасынын көпчүлүк бөлүгү федералдык бийликтин эмес, айрым штаттардын юрисдикциясында болот.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-70-zhylda-birinchi-zholu-ayal-kishi-lm-zhazasyna-tartyldy



Добавить комментарий