АКШ суунун курчоосунда калды

28 май 2018 19:05 1104 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нөшөрлөгөн жаандан улам Американын Мэриленд штатындагы Элликот шаарын суу каптады. Аталган шаар 2016-жылы эле катуу суу ташкынына кабылгандыгын Baltimore Sun басылмасы жазып чыкты.

Видеодо көрсөтүлгөндөй кир суунун ташкыны жогорку ылдамдык менен шаардын көчөлөрүнүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатынын ортосуна чейин жана андан да жогору карай урунуп жаткандыгын байкоого болот.

АКШ улуттук метеорология кызматы бул кырдаалды “өтө оорчундуу катастрофалык абал” катары мүнөздөдү.

Басылманын билдирүүсүнө караганда, Мэйн Стрит көчөсү жакында эле 2016-жылкы ири чыгымды кайрадан ордуна келтиргендигин, ошол кезде 2 адам мерт болгондугун эске салды. Элликон шаары 1772-жылы негизделген жана анда 70 миңден ашуун адам жашап келет.

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-suunun-kurchoosunda-kaldy



Добавить комментарий