Трамп менен жолугушууну талап кылган кыргыз жаранынын психикалык абалы текшерилүүдө

20 октябрь 2020 14:17 986 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чикагодогу бийик имаратта 13 саат боюу коопсуздук жипке асылып турган кыргыз жараны кармалып, психикалык абалын текшерүү үчүн ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Дональд Трамптын жолугуусун талап кылып, бийик имаратка чыгып алаган кыргыз жараны Ысык-Көл облусунун 1989-жылы туулган Э.А. аттуу тургуну экендиги тастыктаган. Э.А. психикалык абалын текшерүү үчүн Түндүк-Батыш мемориалдык ооруканасына жаткырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кандайдыр бир жергиликтүү мыйзамдарды же тартип бузгандыгы үчүн айыптар азырынча карала элек. Ошол эле учурда Чикагонун полиция департаментинин расмий билдирүүсүнө ылайык, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлөт.

Элчилик Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү мамлекеттик органдарынын жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен байланышта болуп, Э.А.га консулдук юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эске сала кетсек, 19-октябрда массалык маалымат кызматтары Иллинойс штатындагы Эл аралык мейманкананын имаратына азиат улутундагы жигит арканга асылып тургандыгын жазышкан. Полиция кызматкерлери сүйлөшүү жүргүзгөндө ал АКШ президенти Трамп аны кабыл алса анан түшөөрүн талап кылган. Кийинчерек сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ал жерге түшүрүлгөнү маалым болгон.



Ссылка: https://barometr.kg/aksh-prezidenti-menen-zholugushuunu-talap-kylyp-bijik-imratka-chygyp-algan-kyrgyz-zhigitinin-psihikalyk-abaly-teksherild



Добавить комментарий