АКШ менен Россиянын тиреши. Россия 10 америкалык дипломатты өз өлкөсүнөн чыгарат

22 апрель 2021 10:24 1638 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия АКШ элчилигинин он кызматкерине 22-майга чейин, Орусиянын аймагынан чыгып кетүү шартын койду.  Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Эске сала кетсек, 15-апрелде Вашингтон Москвага каршы жаңы чектөөлөрдү киргизген. Кошмо Штаттары өлкөдө өткөн былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкен жана киберчабуул жасаган деген айып менен бул ирет 16 орусиялык аткаминер менен ишкерге, 16 юридикалык мекемеге санкция салган.

Орусиянын Чалгын кызматы менен байланышы бар жана чет өлкөлөргө киберчабуул жасоого жардам берет деп орусиялык алты ири IT-компания «кара тизмеге» киргизилген.

АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын банкы же Финансы министрлиги чыгарган облигацияларды сатып алууга же аларга карыз берүүгө тыюу салган. 

Ошондой эле, Вашингтондон он орус дипломаты АКШдан чыгарыларын жар салган.

Буга, Россиянын Тышкы иштер министрлиги жооп чараларын жарыялады.

“Алгач, он дипломатка статусун өзгөртпөстөн Россиядан чыгып кетүү сунушталган. Мындан тышкары, АКШнын администрациясынын учурдагы жана мурдагы сегиз кызматкерине Россияга кирүүсүнө тыюу салынды”, - деп айтылат маалыматта.

Орусия менен АКШ мамилелери жыл сайын солгундоодо. АКШ президенти Джо Байдендин орус кесиптеши Владимир Путинди ABC News телеканалына берген маегинде “адам өлтүргүч” деп  дипломатиялык эмес сөздөр менен сындагандан кийин абал начарлап кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-menen-rossiyanyn-tireshi-rossiya-10-amerikalyk-diplomatty-z-lksnn-chygarat



Добавить комментарий