Аксайдын тургундары балдарын салып алып үйлөрүн таштап кетип жатышат

14 март 2019 20:45 1390 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен областынын Аксай айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтен улам балдарын жана тиричилик буюмдарын салып алышып, өз үйлөрүн таштап кетишүүдө.  Журналист Гульгакы Мамасалиева окуя болгон жерден бир нече сүрөттөрдү жарыялады.

Эскерте кетсек, 13-мартта кыргыз  айылы Аксайдын тургундары менен Тажикстандын Ворух айылынын тургундары бири-бирине таш ыргытып, андан кийин аңчылык мылтыктары менен атышкан. Тажикстандык эки жаран каза тапканы айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/aksajdyn-turgundary-baldaryn-salyp-alyp-jlrn-tashtap-ketip-zhatyshat



Добавить комментарий