Депутат: Чоң-Алайда кыргыз-тажик чек арасында окоптор казылып жатат
19-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында окоптор казылып жатканын жергиликтүү тургундар билирип жатат, деп айтты депутат Аккулу Бердиев. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
Ал министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду жана Чек ара кызматын парламенттин отурумуна чакырып, чек арадагы кырдаал боюнча маалымат беришин сунуштады.
Депутат биринчи кол салуу Чоң-Алай району менен чектешкен аймакта болгонун, натыйжада жабыркагандар болгонун эске салды.
«Аскерлер унаа айдап бара жатканда, ал жакка 41 автомат менен жөнөкөй адамдар жардамга келишкен. Эми ошол эле коркунуч келип чыкты. Тез арада чечим кабыл алышыбыз керек. Ал Баткенден да жаман болушу мүмкүн. Ал жерде адамдар аз. Эгер алар кол салса, анда Сары-Таша менен Гүлчө кириши мүмкүн ", - деди ал.
“Мындай суроолорго ыкчам жооп кайтаруу керек”, - деди парламенттин төрагасы Талант Мамытов министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылып.
Эске салсак, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.
Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.
Добавить комментарий ×