"Ак-Тилек" посту кадимки режимде иштеп жатат. Жолдо 130 жүк ташуучу автоунаа турат

14 январь 2020 15:30 1832 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пункту кадимки тартипте иштеп баштаганын билдирди.

Саат 14:30га алынган маалымат боюнча көзөмөл өткөрүү пунктунун алдында 12 жүк ташуучу автоунаа турат.

Кыргыз чек арачылары Кыргызстан тараптан эч кандай тоскоолдук жок экенин маалымдашууда.

Андыктан учурда "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктуна бараткан жолдун четинде чек арага жетпей 130дай автоунаа токтоп турат. Айдоочулардын айтымында, алар жүктүн ээсинен коштоп жүрүүчү документтерди күтүп жатышат.

Белгилей кетсек, Казакстан тараптан тыкыр текшерүүлөр болгондуктан Кыргызстандан "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу өтчү жүк ташуучу автоунаалардын калың кезеги пайда болгон.

Өз кезегинде кыргыз өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстанды ЕАЭБдин талаптарын так аткарууга чакырып,  маселени иез аранын ичинде жөнгө салуу керектигин билдирген болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-tilek-postu-kadimki-rezhimde-ishtep-zhatat-zholdo-130-zhk-tashuuchu-avtounaa-turat



Добавить комментарий