"Ак-Тилек-авто жол", "Чоң-Капка авто жол" өткөрмө пунктары аркылуу жарандар жана оор жүк ташыган унаалар өтө алат

17 июнь 2020 14:45 1337 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Чалдыбар-авто жол" жана "Кең-Булун авто жол" өткөрүү жайларынын иштеп башташы "Ак-Тилек-авто жол" өткөрүү жайынын ишин жеңилдетти жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз, топтолбой кезек күтүүсүз өтүүсүн камсыздайт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сз кызматы билдирди.

Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында 4 авто жол өткөрүү жайлары жумуш алып барууда, алар: Чүй облусунда "Ак-Тилек-авто жол", "Чалдыбар-авто жол", "Кең-Булун авто жол", ал эми Талас облусунда "Чоң-Капка авто жол" өткөрүү жайлары.

Жарандарды жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы номер 84-р тескемесиндеги талаптардын негизинде "Ак-Тилек-авто жол" жана "Чоң-Капка авто жол" өткөрүү жайларынан ишке ашырылат.

"Чалдыбар-авто жол" өткөрүү жайы эки тарапка оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүнү гана ишке ашырып, ал эми "Кең-Булун авто жол" өткөрүү жайы болсо Кыргыз Республикасынан сыртка бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүгө ачылган.

Темир жол курамындарынан жүк ташууну "Каинды-темир жол" өткөрүү жайы ишке ашырат.


Ссылка: https://barometr.kg/ak-tilek-avto-zhol-cho-kapka-avto-zhol-tkrm-punktary-arkyluu-zharandar-zhana-oor-zhk-tashygan-unaalar-t-alat



Добавить комментарий