Ак-Талаада 27 жаштагы жигит сууга түшүп кетип, табылбай жатат
Бөлүшүү:
Кечээ, 27-декабрда Ак-Талаа районунда 14:07де Жеңиш айылында эркек киши (1993-жылы туулган) Ала-Буга суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук №47 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 19:30та издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 28-декабрда издөө иштери улантылат.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-talaada-27-zhashar-zhigit-suuga-tshp-ketip-izdelip-zhatat
Добавить комментарий ×