Ак-Сай айылынын 455 тургуну эвакуацияланды
Бөлүшүү:
Ак-Сай айылынан жалпы 485 тургун эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому билдирди.
Эвакуацияланган тургундардын арасында 156сы аялдар, 285 балдар бар. Көпчүлүк жарандар Баткен шаарындагы туугандарынын үйүнө, калгандары № 57 лицейге жана № 3 мектепке жайгаштырылды.
“14-мартта КРдагы Кызыл жарым ай коому Баткендеги өкмөт өкүлчүлүгүнүн өтүнүчү менен № 57 мектепте жайгашкан 30 үй-бүлөгө нан жана ысык тамак берди. Ошондой эле Ак-Сай айылынын 200 тургунуна азык-түлүк тапшырылды”,-деп кабарлашты уюмдан.
Уюмдун берген маалыматына таянсак, чатак чыккан аймакка барчу жолдор жабык.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-saj-ajylynyn-455-turgunu-evakuaciyalandy
Добавить комментарий ×